Ысык-Көлдө Орусиянын жарандарынын буюмдары уурдоого шектүү адамдар изделип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 9-июлда Ысык-Көл райондук милициясына эртең мененки саат 3.15тер чамасында Виктор Ткаченко аттуу киши алардын жашап жаткан коттежинен буюмдар уурдалганын кабарлаган. Милиция кайрылуу боюнча жеринен, Бостери айылында жайгашкан "Бостеринская ривьера" коттежинде териштирүү жүргүзгөндө жабырлануучулар коттежге саат 2.50 чамасында белгисиз бирөө кирип 2 чөнтөк телефонун жана акчасын уурдап кеткенин айткан. Андан сырткары Ткаченконун бир кызы уурдап бараткан кишини терезеден качып баратканын көрүп, аркасынан кууп жетпей калганын да кошумчалаган.
Бул факты боюнча жабырлануучунун үй-бүлөсү көрсөтмө берүү катары Бостери милиция бөлүмчөсүнө чакырылган. Ал жерде көрсөтмө берген соң кайра эс алуу жайына кетишкен.
Ал эми Ткаченконун аялы болсо алардын үй-бүлөсүн милиция кармап жатканын айтып нааразы болуп чыккан. Облустук милиция болсо ал маалыматты четке кагып, эч кандай атайын кармап алып кетүү болбогонун, ал жөн гана көрсөтмө берүүгө чакырылганын айтууда.
Бул фактынын бетин ачуу боюнча Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана Ысык-Көл райондук милициясынын ыкчам иликтөө кызматкерлеринен топ түзүлүп иштеп жатат. Жабырлануучулар Бишкек шаарында жашаган Орусиянын жарандары болот. Алар Орусиянын “ВГТРК” телеканалынын Кыргызстандагы өкүлдөрү болуп саналат. (AsM\ErN)