Альпинистти жана куткаруучуларды куткарыш үчүн Ысык-Көлдөгү тик учак кулаган жерге дагы бир тик учак жөнөп кетти. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн эртең менен Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыкка кабылган. Тик учак альпинисттерди куткаруу учурунда кулаган.
Баштапкы маалыматтарга караганда, тик учак шамалдан улам капталы менен түшкөн. Андан төрт адам жабыркаган, курмандыктар жок. Тик учактын абалы тууралуу маалымат бериле элек.
Түштүк Эңилчек мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Кан-Теңир тоо тоомунда жайгашкан, Теңир-Тоодогу эң чоң мөңгү болуп эсептелет. (ErN)