Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Евробиримдик менен Украина Брюсселде жылдык саммитин өткөрөт


Украина менен Евробиримдиктин желектери.
Украина менен Евробиримдиктин желектери.

Европа Биримдиги жана Украина 9-июлдагы саммите Украинадагы реформаларды, Орусиянын 2014-жылы Крымды ээлеп алышын жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатканын талкууга алат.

Украин президенти Петро Порошенко катышып жаткан саммит Европа Биримдиги менен Украинанын ортосунда түзүлгөн ассоциация жөнүндөгү келишим былтыр сентябрда күчүнө киргенден бери биринчи жолу өтүп жатат.

Кызматташтык боюнча макулдашуу алгач 2013-жылы ноябрда түзүлмөк. Бирок ал кездеги президент Виктор Янукович Москванын басымынан улам андан баш тарткан. Ушундан кийин Украинада массалык демонстрациялар башталып, Кремль колдогон президент Янукович февралда кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Москва буга жооп катары Крымды аннексиялап, Киевдин бийлигине каршы урушуп жаткан Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскердик жана экономикалык жардам көрсөткөн.

2014-жылдан бери украин жаңжалында 10 300дөн ашык адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG