Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

"Мемориалдын" жана "Жарандык көмөктөшүү" уюмунун жетекчилери кармалды


Олег Орлов.
Олег Орлов.

Москванын Манеж аянтына митингге чыккан "Мемориал" укук коргоо борборунун кеңешинин төрагасы Олег Орловду жана "Жарандык көмөктөшүү" уюмунун башчысы Светлана Ганнушкинаны полиция кармап кетти.

Алар "Мемориалдын" Чеченстандагы бөлүмүнүн камактагы жетекчиси Оюб Титиевди колдоп, колдоруна “Оюб Титиевге эркиндик!” деген плакаттарды кармап турушкан. Орлов менен Ганнушкина полиция бөлүмүнө жеткирилип, коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин бузганы боюнча протокол түзүлгөн.

“Мемориал уюмунун” Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев “баңгизат ташыган” деген кине менен январдан бери Чеченстанда камакта отурат. Анын тарапкерлери ишти жасалма деп эсептешет. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайылап баңгизат салып коюшканын айтып, тагылган айыптарды четке кагып келет.

9-июлда Чеченстандын соту Титиевдин камак тагы мөөнөтүн дагы жарым жылга узартты.

XS
SM
MD
LG