Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Таиланд: үңкүрдөн сегизинчи бала чыгарылды


Жекшемби күнү куткаруучулар дагы төрт баланы аман-эсен алып чыгышкан.
Жекшемби күнү куткаруучулар дагы төрт баланы аман-эсен алып чыгышкан.

Таиланддагы үңкүрдө эки жумадан бери камалып турган балдарды куткаруу иши 9-июлда уланды. Бүгүн төрт бала куткарылды. Жекшемби күнү куткаруучулар дагы төрт баланы аман-эсен алып чыгышкан. Ошондо үңкүрдө дагы төрт киши бар.

23-июнда Чианг Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Балдар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Аларды алып чыгууга нөшөрлөп жааган жаандан улам үңкүрдөгү жолдорго суу толуп калганы оорчулук жаратууда.

Куткаруу операциясына 13 чет элдик, беш жергиликтүү суучул жана беш “деңиз мышыгы” катышып жатат. Үңкүрдөгүлөрдүн баарын алып чыгууга үч-төрт күн кетиши мүмкүн экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG