19 жаштагы жигит үч адамдан турган америкалык үй-бүлөнү өлтүргөн деп шектелип жатат. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги кабарлады. 9-июлда таратылган маалыматка караганда, койчуман өткөн жумада 44 жаштагы Райан Смитти, анын 43 жаштагы аялы Лаураны жана алардын төрт жаштагы уулун өлтүргөнүн моюнуна алган.
Хаба капчыгайынан биринчи Райан Смит менен Лаура Смиттин, кийин алардын уулунун сөөгү да табылганы кабарланды. Душети районунун башчысы койчу Райан Смитт менен талашып-тартыша кеткенден кийин ок аткан деген маалымат барын айтты. Грузин бийликтери кылмышка шектүү күнөөлүү деп табылса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин кабарлады.