Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Евробиримдик Украинанын эгемендиги менен өз алдынчалыгын колдоду


Петро Порошенко, Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер. Брюссель, 9-июль, 2018-жыл.
Петро Порошенко, Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер. Брюссель, 9-июль, 2018-жыл.

9-июлда Брюсселдеги саммиттин жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Украина өз ара өнөктөштүктү бекемдөөнү макулдашты.

Украин президенти Петро Порошенко менен сүйлөшүүлөргө Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск менен Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер катышты.

Дональд Туск саммиттен кийин өткөн биргелешкен басма сөз жыйынында Украина менен эркин соода режими бир жылдан бери иштеп жатканын, андан бери Киевдин экономикасы калыбына келип, өнүгө баштаганын белгиледи.

Анын маалыматына караганда, 2017-жылы Украина менен өз ара товар жүгүртүү 24 пайызга, өлкө экономикасы 2,5 пайызга өстү.

Туск Крым менен Севастополдун аннексиясына да токтолуп, бул багытта Евробиримдиктин позициясы мурдагы бойдон калганын айтып, Крымдын жана Орусиянын абактарында мыйзамсыз камалган украиналык режиссер Олег Сенцовду жана башка кишилерди бошотууга Москваны чакырды.

Мындан тышкары үч лидер тең бардык тараптардын Минск келишимин аткарышы зарыл экенин айтып, Украинанын чыгышындагы согуш үчүн Орусия жооптуу экенин белгилешти. БУУнун билдирүүсүндө, Украинанын чыгышында чатак башталган 2014-жылдан бери 10 250 киши өлүп, 24 600 адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG