Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Осмонбек Артыкбаев абактан ооруканага которулду


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага чыгарылды. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлүнүн жүрөгү ооруган. Дарыгерлер ага аритмия, астма деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан. Алардын чечими менен Артыкбаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарыланып жатат.

Бул боюнча маалыматты УКМКнын өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG