Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:55

Үч жылда Жогорку Кеңештин 12 депутатына кылмыш иши козголгон


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 12 депутатына ар кайсы беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Муну “Азаттыктын” кабарчылары атайын иликтөөнүн алкагында эсептеп чыгышты.

Алар: КСДП фракциясынан - Нурмахаммат Баяхунов, Музаффар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, “Республика - Ата-Журт” фракциясынан - Өмүрбек Бабанов, “Ата Мекен” фракциясынан - Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, “Бир Бол” фракциясынан - Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, “Кыргызстан” фракциясынан - Канатбек Исаев жана Дамирбек Асылбек уулу.

Депутаттарга “Коррупция”, “Алдамчылык”, “Массалык баш-аламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу аракети” жана башка беренелер менен айып тагылган.

Булардын ичинен төртөө сот чечими менен мандатынан ажыратылса, экөө өз эрки менен тапшырган. Үчөө Кыргызстанда, бирөө Казакстанда камакта. Экөө чет өлкөгө кеткен бойдон дайынсыз. Алардын бир тобунун ордуна жаңы депутаттар келген.

Жогорку Кеңештин азыркы, алтынчы чакырылышы 2015-жылы 4-октябрда шайланган. Парламент алты фракцияга кирген 120 депутаттан турат. (UEz\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG