Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Түркияда лиранын курсу кайра көтөрүлдү


Президент Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы салтанатта сүйлөп жаткан учур. 9-июль, 2018-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы салтанатта сүйлөп жаткан учур. 9-июль, 2018-жыл.

Президент Режеп Тайып Эрдоган 9-июлда ал өзү башкара турган жаңы өкмөттүн курамын, анын ичинде бир тууган күйөө баласы Бират Албайрак өлкөнүн казыначысы жана финансы министри болорун жарыялагандан кийин улуттук валютанын курсу болжол менен дагы 3% арзандап, бир доллар 4.75 лирага чейин чыккан эле.

Ал эми андан мурда жума күнү бир доллар 4.57 лирага бааланса, "Reuters" агенттиги кабарлагандай, бүгүн эртең менен АКШ долларынын курсу 4,66 лиранын тегерегинде турукташты.

Быйыл жыл башынан тартып эсептегенде Түркиянын улуттук акчасы 20% наркын жоготту.

Талдоочулардын баамында, жаңы өкмөт курамы жарыялангандан кийин лиранын курсу төмөндөшүнө "Президент Режеп Тайып Эрдоган эми монетардык саясатка көзөмөлдү күчөтөбү?" деген инвесторлордун кабатырлыгы себеп болушу ыктымал.

Өлкөнүн жаңы эрежелерине ылайык, эми президент Улуттук банктын башчысын жана андагы монетардык саясат боюнча комитеттин мүчөлөрүн төрт жылга дайындай турган болду.

Эрдоган президенттигинин экинчи мөөнөтүнө 9-июлда ант берип, расмий киришти.

Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Эрдогандын экинчи мөөнөткө киришүүсү менен аткаруу бийлиги да президенттин колуна өттү. Парламенттин ыйгарым укуктары мурдагыдан азайды.

Президенттин оппоненттери алдыда эми “бир адамдын бийлиги” мурдагыдан да күчөй турганын айтып, сындап келе жатышат. Эрдоган болсо жаңы система өлкөнү өнүктүрөт деп эсептейт. Ал ант берүү аземинде сүйлөгөн учурда түркиялыктарга “жаңы доор” тууралуу убада берди.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши 4-июлда жарыялагандай, ал 24-июндагы мөөнөтсүз шайлоодо 52,59% добуш менен жеңишке жетишти. (UE)

XS
SM
MD
LG