Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Трамп консерватор судьяны АКШнын Жогорку сотунун мүчөлүгүнө көргөздү


Президент Дональд Трамп жана Жогорку соттун судьялыгына көргөзүлгөн Бретт Кавано. 9-июль, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп жана Жогорку соттун судьялыгына көргөзүлгөн Бретт Кавано. 9-июль, 2018-жыл.

Бретт Каванону Жогорку соттун мүчөлүгүнө көргөзөрүн президент Дональд Трамп Вашингтондон 9-июлда жарыялады. “Америкада бул кызмат үчүн андан кесипкөй, андан татыктуу эч ким жок”, - деди Трамп Ак үйдөгү сөзүндө.

53 жаштагы Бретт Кавано Жогорку соттун судьялык кызматында отурган 81 жаштагы Энтони Кеннедини алмаштырышы керек. Кеннеди кызматтан пенсияга чыкканына байланыштуу кетип жатат.

Кавано 2006-жылдан бери Колумбия округунун Апелляциялык сотунун судьясы катары иштеп келатат. Ал бул кызматка ошол кездеги президент Жорж Буш тарабынан дайындалган.

АКШда Жогорку соттун судьялары кызматта өмүр бою иштей алат. Эгер 53 жаштагы Кавано судьялыкка бекитилип калса, дагы ондогон жылдар бою иштеп, азыркы президент Трамп Ак үйдөн кеткенден кийин да АКШ коомунун багытын аныктоого салым кошушу мүмкүн.

Жогорку соттун судьяларына көз каранды маселелердин арасында аборт, кумсалардын укугу, куралга көзөмөл, өлүм жазасы өңдүү маселелер бар.

Кавано Жогорку соттун тогузунчу мүчөсү. Учурда АКШнын башкы соттук органында консеваторлор бир добушка көптүк кылат.

Пенсияга кетип жаткан Энтони Кеннеди либералдар тарапка да өтүп кеткен учурлар болгон. Эксперттер болочок судья Каванонун мындай кадамга барарынан күмөн санап жатышат. Анын талапкерлиги боюнча Сенатта алдыда кызуу талкуулар болушу күтүлүүдө.

Учурда Сенатта Республикалык партия 51, Демократиялык партия 49 добушка ээ.

Президенттикке Дональд Трамп келгенден бери былтыр Жогорку соттун мүчөлүгүнө дагы бир консерватор судья Нейл Горчас дайындалган.

Ал эми Жогорку соттун либералдык көз караштагы судьяларынын дагы экөөсүнүн жаш курагы 80ге келип калгандыктан, президент Дональд Трамп бул маанилүү кызматка талапкерлерди көргөзүүгө алдыда да мүмкүнчүлүк алышы ыктымал. (UE)

XS
SM
MD
LG