Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Таиландда суу толгон үңкүрдөгүлөрдүн акыркылары чыгарылды


Үңкүрдөгүлөрдү куткаруу операциясы жүрүп жаткан аймак. 10-июль, 2018-жыл.
Үңкүрдөгүлөрдү куткаруу операциясы жүрүп жаткан аймак. 10-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу Таиланддын куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан Аскер-деңиз күчтөрү жарыялады.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, бүгүн Таиландда үңкүрдөгүлөрдү куткаруу боюнча операциянын үчүнчү баскычы ишке ашырылды. Анын натыйжасында үңкүрдөн акыркы төрт бала жана алардын машыктыруучусу чыгарылды.

Суу толуп калган үңкүрдөн буга чейин сегиз бала куткарылган болчу.

11-16 жаш курактагы 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу үңкүргө 23-июнда киргенден соң нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу кайра чыга албай калышкан.

Аларды куткаруу операциясына 10 өлкөдөн 1000дей адам катышты. Окуянын өзү Таиландда теледен тынымсыз түз чагылдырылып турду. Операциянын жүрүшүндө куткаруучулардын бири - армиянын суучулу курман болду. (UE)

XS
SM
MD
LG