Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Украина ФИФАга хорват машыктыруучусунун айыппулун төлөөнү сунуш кылды


Огнен Вукоевич жана Домагой Вида.
Огнен Вукоевич жана Домагой Вида.

Украинанын футбол федерациясынын президенти Андрей Павленконун 10-июлда билдиргенине караганда, алар футбол федерацияларынын дүйнөлүк ассоциациясы - ФИФА Хорватиянын улуттук командасында машыктыруучунун жардамчысы болгон Огнен Вукоевичке салган 15 миң 150 доллар айыпты төлөп берүүнү сунуш кылышты.

Хорватия 7-июлда Орусияны жеңгенден кийин Вукоевич жана улуттук команданын коргоочусу Домагой Вида кыска видеотасмага тартылышып, анда “Украинага даңк” деген сөздөрдү айтышкан. Орусияда көптөр муну кыжырдануу менен кабыл алып, айрымдар аны “улутчул ураан” катары баалашкан.

ФИФА мындан улам хорват футболчусу Видага эскертүү берип, бирок жарым финалда ойноосуна тыюу салган жок. Вида кийинчерээк видеодо айтылгандар үчүн кечирим сурады. Ал эми машыктыруучунун жардамчысы Вукоевич ФИФАнын айыбына жыгылгандан тышкары Хорватиянын футбол делегациясынын курамынан да чыгарылды.

Вида да, Вукоевич да мурда Киевдин “Динамо” командасы үчүн ойношкон.(UE)

XS
SM
MD
LG