Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол автожол” өткөрмө бекетине бараткан жолдо тоок жана өрдөк этин аткезчилик жол менен ташып бараткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Анда алынган 312 коробкада жазылган этикеткага караганда тоок эти Кытай Эл Республикасынан ташылып келаткан. Товар Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө өтүүгө багытталган. Эттин эч кандай уруксат кагазы болгон эмес. Товардын жалпы наркы 700 миң сомго бааланды.
Өкмөткөкараштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын буйругуна ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден сырткаркы өлкөлөрдөн эт алып келүүгө убактылуу чектөө киргизилген.
Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, ветеринардык көзөмөлдөн өтүүчү товарларды өндүрүүчү фирмалар ЕАЭБдин атайын реестринде катталышы керек. (ErN)