Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн ачылган атайын эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 95,9 млн. сом салды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Атайын кызмат кайтарылган каражаттар кайсы фактылар боюнча жана кимдерден өндүрүлгөнүн ачыкка чыгарган жок.
Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура буга чейин 39 млн. сом төккөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Бул акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. (ErN)