Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Ирандагы кырсыктан бери дегенде 11 киши каза болду


Ирандагы кырсык болгон жер.
Ирандагы кырсык болгон жер.

Ирандын Күрдистан провинциясында чайыр ташыган танкер менен жүргүнчү салган автобус сүзүшө кетип, кеминде 11 киши каза тапты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы кырсык 10-июлда кечинде Санандаж шаарында болгонун кабарлады. Күрттөрдүн бозгундагы тобу "Твиттерге" "окуя болгон жерден тартылган" деген видеону жайгаштырды. Алар өз булактарына таянып 20-30 киши өлгөнүн жазышты.

Расмий маалымат боюнча танкердин тормозу иштебей калып, автовокзалдын жанындагы автобусту барып сүзгөндө эки унааны тең өрт чалган.

 

XS
SM
MD
LG