Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Түлеевдин уулуна катталган үйдү конфискациялоодон чыр чыкты

Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү конфискациялоо учуру. 11-июль, 2018-жыл.
Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү конфискациялоо учуру. 11-июль, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баласы Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү сот аткаруучулардын конфискация кылышы чыр менен коштолду. Түлеевдин туугандары бул үй мурас экенин айтып, аны алууга келген Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери менен сот аткаруучуларга каяша айтышты. Тараптар бир сыйра жөөлөшө кетишти.

Нариман Түлеевдин иниси Нарынбек Түлеев бул үйдү бийлик алганга акысы жок деп эсептейт:

- Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2013-жылы Санжар Нариман уулунун мүлкүн конфискация кылуу тууралуу чечим чыгарып койгон. Санжар соттолгон эмес, коррупцияга айыпталган эмес. Ал болгону 17ге чыкты. Анын үстүнө бул үйдү Санжардын чоң атасы, Ташболот Түлеев өлөөр алдында небересине белек катары мурас кылып кеткен. Үй 2005-жылы салынган, атам, мен өз колубуз менен курганбыз. Белекке берилген мүлк конфискация кылынбашы керек эле. Атасы баласына жооп бербейт, баласы атасына жооп бербейт. Бүгүн Санжар атасы Нариман үчүн жооп берип калып жатат. Башкача айтканда Нариман Түлеевдин конфискация кылынган мүлкүнүн тизмесине уулунун мүлкү да кирип калып жатат. Экинчиден мыйзам боюнча жалгыз эле үйү болсо ал да алынбайт. Бирок бул жерде мыйзам иштебей жатат.

Ал эми Сот департаментинин Бишкек шаарынын Ленин райондук бөлүмүнүн сот аткаруучусу Мунарбек Кадыров конфискациялоо мыйзамдуу жүрүп жатканын айтты:

- Бизге Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечиминин негизинде Нариман уулу Санжарды жана Рахимов Алимжанды үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу Бишкек шаарынын Славгородский көчөсүндөгү 21\Б үйүнөн мажбурлап чыгаруу жөнүндө аткаруу барагы 2017-жылдын 30-октябрында келип түшкөн. Аларга берилген мөөнөттө ыктыярдуу түрдө аткарылбагандыктан, мажбурлап чыгаруу бүгүнкү күнгө белгиленген. Үй Мамлекеттик мүлк фондуна өткөн. Булардын жашап жатканы мыйзамсыз.

Түлеевдердин нааразылыгынан улам үйдү конфискация кылуу 20-июлга калды.

Мунун алдында Нариман Түлеевдин мурдагы жубайы Мира Сыдыкова өзү жашаган, уулу Санжарга катталган үйдү мыйзамсыз тартып алуу жүрүп жатканы тууралуу даттанып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Нариман Түлеев өзү Орусияда жүргөнүн кабарлап, "Фейсбуктагы" баракчасынан уулунун үйүн тартып алууну “экс-президенттин кадрлары жасап жатат” деп билдирди.

Нариман Түлеев "Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген" деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG