Брюсселде НАТОнун эки күндүк саммити башталды. Бийик жолугушууну утурлай АКШнын президенти Дональд Трамп адаттагыдай эле альянстын европалык мүчөлөрүн финансылык милдеттенмелерин аткара албай жатканы үчүн сындаса, Брюссел өз кезегинде Вашингтонго анын Европадан артык өнөктөшү жок экенин эскертти.
Трамп НАТОнун европалык мүчөлөрүнүн эң ирилерин 11-июлда Брюсселдеги саммиттин расмий эмес башталышында да сындап өттү. Маселен, Евробиримдиктин эң ири олкөсү Германия Орусия менен газ куурлары боюнча “миллиарддаган доллардык” келишимдерге барып, ошол эле учурда АКШ аны "Орусиядан коргошун күтөт" деп белгиледи.
НАТОнун баш кеңсесинин маалыматына караганда, быйыл алардын жалпы коргонуу чыгымдары мурдагыдан 3,8% көбөйүшү күтүлүүдө.