Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган бейтапкана быйыл сентябрда пайдаланууга берилет.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат “Азаттыкка” билдиргендей, имараттын ачылышы быйыл 2-сентябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде өткөнү турат.
150 кишиге ылайыкташкан оорукананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын июлунда башталган. (NT/BkA)