Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Он жаштагы секелекти зордуктаган киши кармала элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районунда он жаштагы секелектин зордукталганы боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармала элек. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева "Азаттыкка" билдиргендей, шектүүнү издөө иштери уланууда.

- 10-июлда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милиция ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматтарга караганда, окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Кыздын жакындары базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн секелек дааратканага барганда зордуктоого кабылганын айтышкан.

Милиция билдиргендей, аймакта бул жумада дагы бир жашы жете элек кыз зордукталганы кабарланды. Жайыл районундагы Степное айылынын тургуну 7-июлда он беш жаштагы кызды ала качып, андан кийин зордуктаган деп шек саналууда. Милицияга кыздын атасы арыз менен кайрылып, зордуктоо болгонун маалымдаган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 23 жаштагы шектүү жаранды кармаган. Бул факты боюнча 129 ("Зордуктоо"), 154-("Жашы жете элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо") беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG