Кытай соту "мамлекеттик бийликти бөлүп-жарган, беделине доо кетирген" деген айыптын негизинде диссидент Цинь Юнминди 13 жылга эркинен ажыратты.
Укук коргоочулар сот чечими адилетсиз болгонун айтууда. Актоочу тарап өкүмгө каршы даттана турганын билдирди.
Кытайлык маалымат каражаттары жазып чыккандай, мамлекеттик айыптоочулар далил катары Цинь Юнминдин демократия тууралуу жазууларын колдонгон. Анда укук коргоочу Кытай кол койгон БУУнун конвенцияларына ылайык жарандык укуктар үчүн күрөшүүгө элди чакырган.
64 жаштагы Цинь Юнминь - Кытайдын демократиялык кыймылынын ардагерлеринин бири. Ал өзүнүн саясий ишмердүүлүгү үчүн 22 жыл түрмөдө отуруп, 2010-жылы эркиндикке чыккан. Кытай бийлиги ага басма сөз өкүлдөрү менен байланышууга тыюу салган. "China Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо тобун жетектей баштаган Цинь Юнминь 2015-жылы кайра камакка алынган.
10-июлда бийлик дагы бир укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын ээси Лю Сяобонун жесирине Кытайдан чыгууга уруксат бергени белгилүү болду. Сегиз жыл бою үй камагында отурган Лю Ся Германияда дарыланып жатат. Анын күйөөсү Лю Сяобо 2009-жылы "Хартия-08" манифестине авторлук кылганы үчүн "мамлекетке каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн" деген кине менен он бир жылга кесилген, бир жыл мурда түрмөдө боордун рак оорусунан каза тапканы расмий кабарланган.
2010-жылы ага "реформаларды талбай пропаганда кылганы" үчүн Нобель сыйлыгы берилген. Түрмөдө отурган Лю Сяобо Ослодогу сыйлык алуу салтанатына катыша алган эмес.