Брюсселде 11-июлдагы саммиттин жыйынтыгында Түндүк Атлантикалык Альянстын курамындагы 29 өлкөнүн лидерлери биргелешкен декларация кабыл алышты.
Анда Орусиянын Крымды аннексиялоо, Украина чыгышындагы абалдын туруктуулугун бузуу, НАТО өлкөлөрүнүн чек арасына жакын аймактарга жаңы аскердик техника жайгаштыруу жана шайлоолорго кийлигишүү аракеттери аймактагы абалга терс таасир этип жатканы белгиленген.
Ошондой эле НАТО өлкөлөрү "Солсберидеги ууландыруунун артында Орусия турат" деген Британиянын чечимин кубатташкан.
Декларацияда уюмдун мүчөлөрү Орусияны Грузиянын, Молдованын жана Украинанын аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Минск келишимдерин толук аткарууга чакырышкан. Алар Орусия позициясын өзгөртсө, Москва менен диалогго барууга даяр экенин да белгилешкен.
Маалыматка караганда, НАТО өлкөлөрүнүн баары тең коргонууга ички дүң өнүмүнүн 2 пайызын бөлүүгө аракеттенет.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп өнөктөштөрүн коргонууга тиешелүү деңгээлде "акча сарптабай жатат" деп айыптап чыкканы белгилүү.