Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүн кайрадан катуу сындады


АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде. 11-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде. 11-июль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселде өтүп жаткан НАТОнун саммитинде өнөктөштөрүн кайрадан каарыды. Америкалык лидердин ачуу сынынан кийин лидерлер мурда пландалбаган жыйынга чогулушту.

"Азаттыктын" Брюсселдеги кабарчысы чукул жыйын Кара деңиздеги коопсуздук талкууланган соң Ооганстан боюнча отурумга чейин өткөнүн билдирди.

Трамп Түндүк-Атлантикалык Альянска кирген өлкөлөрдүн коргонуу тармагына кетчү каражатын алардын ички дүң өнүмүнүн 4% чейин көбөйтүүгө үндөдү. Буга чейин бул көрсөткүч 2% деп белгиленген.

Брюсселдеги эки күндүк жолугушуу Түндүк-Атлантикалык альянстын жогорку жыйындарынын бир нече жыл ичиндеги эң татаалы катары мүнөздөлүп жатат. Жыйындын кечээки олтурумунда өнөктөштөр НАТОнун каржылык жүгүн калыс бөлүштүрүүгө милдеттенме алышып, Орусияны сындашты. Алар Македонияны альянска кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий баштоого да чакырышты. Азыр НАТОнун 29 мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG