Линктер

ишемби, 17-август, 2019 Бишкек убактысы 22:59

НАТО Орусияны сындап, Македонияны чакырды


НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсеси. 11-июль, 2018-жыл.

Брюсселде НАТОнун эки күндүк саммити өтүп жатат. Бул жолугушуу Түндүк-Атлантикалык альянстын жогорку жыйындарынын бир нече жыл ичиндеги эң татаалы катары мүнөздөлүп жатат. Жыйындын кечээки олтурумунда өнөктөштөр НАТОнун каржылык жүгүн калыс бөлүштүрүүгө милдеттенме алышып, Орусияны сындашты. Алар Македонияны альянска кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий баштоого да чакырышты.

Азыр НАТОнун 29 мүчөсү бар. Уюмдун алкагында коргонуу чыгымдарын көбөйтүү маселеси Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышында жикчилдерге аскердик колдоо көргөзгөндөн кийин күн тартибине чыккан эле.

Дал ошол жылы өткөн саммитте Түндүк-Атлантикалык альянстын мүчөлөрү коргонуу бюджетин он жыл ичинде ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө милдеттенме алышкан.

НАТОнун баш кеңсеси азыркы саммитин алдында билдиргенине караганда, эгер 2014-жылы 2% чекти үч гана мамлекет карманса, быйылкы жылдын соңунда буга сегиз,ал 2024-жылы учурдагы тенденцияны эске алганда он беш мамлекет гана жетет.

Быйыл 2% чекти багындыра алуучу мамлекеттер - АКШдан тышкары Эстония, Греция, Британия, Латвия, Литва, Польша жана Румыния.

Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, 2024-жылга барып, НАТОнун Европадагы мүчөлөрү менен Канада коргонуу үчүн азыркыдан 266 миллиард долларга көп каражат бөлө алат.

АКШнын президенти Дональд Трамп бийликке келгенден бери эле НАТО өлкөлөрүнөн каржылык жүктү тең бөлүшүүнү талап кылып жүргөнү белгилүү. Ал азыркы саммиттин алдында, анын башталышында уюмдун Европадагы мүчөлөрүн өз милдеттенмелерин аткара албай жатканы үчүн кайрадан сындап, өзгөчө Германияны баса көргөзгөн болчу:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Менимче, бул өлкөлөр (НАТОнун Европадагы мүчөлөрү) коргонуу үчүн чыгымдарын он жыл ичинде эмес, дароо эле көтөрүшү керек. Германия - бай мамлекет. Ал коргонуу бюджетин 2030-жылга карата бир азга көбөйтөрүн айтып жатышат. Ал аны дароо, эртең көбөйтсө деле эч кандай маселе чыкпайт. Менимче, бул Кошмо Штаттар үчүн адилеттик эмес. Демек, бир нерсе кылышыбыз керек. Биз муну менен келише албайбыз.

Трамп "Германия энергия жагынан Орусиянын капканында” калды, аны менен миллиарддаган доллардык газ келишимдерине барып, Орусиянын капчыгына “миллиарддаган доллар” төгүп, ошол учурда аны кайра Орусиядан НАТО коргоп беришин күтөт" деп да белгилеген.

Саммиттин жүрүшүндө болсо Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрдү коргонуу үчүн ички дүң өнүмдөн 2% ажыратууну 2024-жылды күтпөстөн "тез" аткарууга, атүгүл бул көрсөткүчтү 4% жеткирүүгө да чакырган.

НАТОнун эсебинде, АКШ өзү азыр коргонуу үчүн ички дүң өнүмдүн 3,57% бөлөт.

Саммиттин алгачкы иш күнүндө АКШнын президенти менен Германиянын канцлери эки тараптуу сүйлөшүү да өткөрүштү. Ангела Меркел кабарчылардын суроолоруна жооп бергенде өз өлкөсүнүн НАТОго кошкон салымын эске салды:

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

- Германия НАТОго абдан ыраазы. Германиянын биригиши, Европанын бүгүнкү биримдиги көп жагынан НАТОнун аркасында болду. Бирок Германия да НАТО үчүн көп нерсе жасап жатат. Биз аскерди эң көп чыгарган экинчи өлкөбүз. Аскердик кубатыбыздын эң мыкты бөлүктөрү НАТОнун кызматында. Бүгүн биз Ооганстандагы иштерге да жигердүү катышып жатабыз. Бул миссиябыз менен Кошмо Штаттардын да кызыкчылыгын коргоп жатабыз.

НАТОнун мүчөлөрү саммиттин биринчи иш күнүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган коммюникеде каржылык жүктү “калыс бөлүштүрүү” боюнча милдеттенмелерин дагы бир жолу тастыкташты. Андан тышкары бул аскердик-саясий бирикменин уставынын 5-беренесинин маанилүү экенин да бир сыйра ырасташты. Ага ылайык уюмдун бир мүчөсүнө кол салуу алардын баарына кол салуу катары кабыл алынат.

Орусиянын Крымды аннексиялап алышынан жана Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттеринен чочулап турган Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрү НАТОнун уставынын бул беренесине өзгөчө көңүл бурушат.

Орусияны сындоо, Македонияны чакыруу

НАТОнун учурдагы саммитинин билдирүүсүндө да Орусиянын Крымды аннексиялашы “мыйзамсыз иш” катары кайрадан айыпталып, ал таанылбай турганы көргөзүлдү. Москванын аракеттери Европадагы жана башка жерлердеги коопсуздукка шек келтиргени белгиленди.

Ошондой эле документте Түндүк-Атлантикалык альянс Украинага, Грузияга, Молдовага колдоо көргөзө берээри айтылды.Эски совет аймагынын бул үч өлкөсү тең келечекте НАТОго кошулууга ниеттенип турат. Ал эми Орусия буга каршы.

Орусия Македониянын да НАТОго киришин каалабайт. Ошентсе да мурдагы Югославиянын курамында болгон бул өлкө Түндүк- Атлантикалык альянска кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого расмий чакырык алды.

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- НАТОнун эшиги ачык бойдон турат. Биз Афины менен Скопьенин ортосундагы, өткөн айдагы тарыхый макулдашууну жылуу кубаттадык жана Скопьедеги өкмөттү уюмга кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырууну макулдаштык. (Өлкөнүн) аталышы боюнча макулдашуунун улуттук жол-жоболору биротоло аяктагандан кийин өлкө НАТОго биздин 30-мүчө катары кошула алат, - деди баш катчы Йенс Столтенберг Брюсселдеги басма сөз жыйынында.

Коңшулаш Греция менен түзүлгөн келишимге ылайык Македония келечекте Түндүк Македония Республикасы деп аталмакчы. Мурдагы Югославия кан төгүү жолу менен чачырап кеткен соң анын ордунда жети мамлекет пайда болгон. Буга чейин алардын үчөө НАТОго кошулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG