Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45

Жапонияда табигый кырсыктын курмандыктары 200 кишиге жетти

Окаяма префектурасында куткаруучулар тургундарды эвакуациялап жатышат. 8-июль, 2018-жыл.
Окаяма префектурасында куткаруучулар тургундарды эвакуациялап жатышат. 8-июль, 2018-жыл.

Жапон өкмөтү табигый кырсыктын курмандыктары кеминде 200 кишиге жеткенин тактады. Өкмөт башчы Синдзо Абэ дагы көптөгөн адам табылбай жатканын билдирди.

Он миңдеген куткаруучулар урандыларды, ылай-баткакты казып, тирүү калгандарды издөөнү улантууда. Өткөн аптада нөшөрдөн улам суу ташкындап, жер көчкү жүргөн. Көбүнесе Хиросима префектурасы жабыркаган. Жолдор бузулгандыктан аймакка тамак-аш, гуманитардык жардам жеткирүү алигиче кыйын болуп жатат. 

Бир жарым миллион кишиге үйлөрүнөн кетүүгө буйрук берилсе, бийлик үч миллион адамды коопсуз жайга бара турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG