Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Президент Конгантиевдин кылмыш ишин иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы жумуш сапарында. 12-июль, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы жумуш сапарында. 12-июль, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү тапшырды.

Жээнбеков бул тууралуу 12-июлда Талас облусундагы иш сапарында эл менен жолугушкан учурда билдирди. Президент 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечими менен прокуратура кызматтык, экономикалык жана коррупция боюнча мурда токтотулган кылмыш иштерин иликтеп чыкканын айтты.​

- Булардын арасында 2010-жылы козголгон жана ошол жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши да бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин кайрадан кылдат изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым, - деген Жээнбеков ушу тапта мурда токтотулган жана кыскартылган 500дөн ашык кылмыш иши иликтенип жатканын кошумчалады.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганын 5-июлда анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Кийинчерээк муну УКМК да ырастаган.

Башкы прокуратура Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG