Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунан улам медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин билдирди.
Бул тууралуу аны менен жолугушуп чыккан Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" кабарлады.
- Мен июлдун башында УКМКнын тергөө абагына барганда Осмонбек Артыкбаев жок эле. Кардиологияда болчу. Жантөрө Сатыбалдиевден башкалар ден соолугуна арызданышкан эмес. Ал "дарылансам жакшы болот эле, жылда дарыланчумун" деди. 2013-жылы инфаркт болгонун, жыл сайын текшерүүдөн өтүп келгенин айтты. Бир-эки күн мурда аны УКМКнын кызматкерлери УЗИге алып барыптыр. Эми ал ооруканага которулабы-жокпу, ошонун (УЗИнин) жыйынтыгына карап чечишсе керек.
ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да жүрөгү кармап абактан ооруканага которулганы 10-июнда белгилүү болгон. Ага чейин "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин ден соолугу начарлаганы тууралуу маалымат айтылган. (KE/NT)