Коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмү которулду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 12-июлда 13,3 миллион сом келип түштү.
Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы бүгүнкү күндө 109,2 миллион сомго жетти.
Атайын кызмат кайтарылган каражат кайсы фактылар боюнча жана кимден өндүрүлгөнүн ачык жарыялай элек.
Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура буга чейин 39 миллион сом төккөнү кабарланган.
Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. (ErN)
Пикирлерди көрүңүз (9)
дагы пикирлерди жүктөө