Жолдогу тартипти камсыз кылууга жана жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун создуктурууга өкмөттүн акысы жок. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин жана мекеме аралык «Түндүк» электрондук тутумун ишке киргизүү маселеси каралган кеңешмеде айтты.
- «Коопсуз шаар» маселеси бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок азырынча көрсөтө турган эч нерсе жок. Мындан ары жетекчилердин актануусу жана ар кандай шылтоолору кабыл алынбайт. Эгерде алдыга коюлган милдеттерди аткара албасаңар, анда сиздерге мамлекеттик кызматта орун жок, - деди өкмөт башчы.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев долбоорду ишке ашыра турган уюмду тандоо үчүн сынак 20-июлга чейин жарыяланарын маалымдады.
- Иштелип чыккан техника-экономикалык негиздеме алкагында келишимди аткаруунун шарты 38 кесилишти, 52 стационардык чекти эреже бузулган учурларды фиксациялоочу камералар менен камсыз кылуу, 32 чекти көчмө аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу болуп саналат, - деди Шаршембиев.
Кыргызстан жол кырсыгы көп катталуучу өлкөлөрдүн катарына кирет. Буга айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси негизги себеп болорун адистер айтап жүрүшөт.