Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Кененбаев: Мэр шаарды таштап кетти (видео)


Алмазбек Кененбаев.
Алмазбек Кененбаев.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Алмазбек Кененбаев мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу демилгеге комментарий берди:

- Мен өзүм да КСДП фракциясынанмын. Албек Ибраимовду биздин фракция мэрликке талапкер катары көрсөтүп, абдан колдогонбуз. Ошондуктан биз жоопкерчиликти сезип, чукул сессияга чогулдук. Шаарда ушундай кырдаал болуп калганда мындан да жаман кырдаал түзүлбөсүн деп кабатырланып атабыз. Анткени кышка даярдык болушу керек, күзгүгө (Көчмөндөр оюндарына) ар кандай иш-чараларды өткөрүш керек, биринчи орун басары камакта жатса, ушундай мезгилде өзү шаарды таштап кетип калганы туура эмес, - деди Алмазбек Кененбаев​.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кезексиз сессияга чогулган. Чукул чогулуунун себебин шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Кененбаев калаада бийлик кризиси болуп жатканы менен түшүндүргөн. Андан кийин шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Рысбай Аматов мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту добушка коюуну суранган. Аны депутаттардын баары колдоого алган. Учурда бюллетендер даярдалып, добуш берүү жүрүп жатат. 45 депутаттын 38и сессияга катышууда.

Шаардын жетекчиси Албек Ибраимов өзү жыйынга келген жок. Жыйындын башында вице-мэр Бакыт Дүйшенбиев мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы саясий абалга, мэриянын ишине, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу бүгүн шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну беш фракция сунуш кылган. Регламент боюнча фракциялар мэрге ишеним көрсөтпөө жөнүндө сунушту талкууга кое алат.

Буга чейин биринчи вице-мэр Ренат Макенов Бишкектин №12 кичирайондогу 3,38 гектар жерди "мыйзамсыз бөлгөн" деген негизде камалган. Аны менен кошо мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да камакка алынган.

Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, мэриянын басма сөз кызматы аны четке какты. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG