Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Ооганстанда америкалык аскер курман болду


Америкалык аскерлерди алып бараткан аскердик унаа. Нангархар провинциясы, 7-июль, 2018-жыл.
Америкалык аскерлерди алып бараткан аскердик унаа. Нангархар провинциясы, 7-июль, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги 12-июлда Ооганстандын чыгышында жүргүзүлгөн операцияда америкалык аскер окко учканын маалымдады.

Ушуну менен жыл башынан бери бул өлкөдө курман болгон америкалык жоокерлердин саны төрт кишиге жетти. Министрликтин маалыматына караганда, чабуул маалында ооган коопсуздук күчтөрүнүн дагы бир өкүлү курман болуп, бир нечеси жаракат алды.

Өткөн аптада Ооганстандын түштүгүндө бир америкалык аскер курман болгон.

Бул жолку кол салуу Брюсселде НАТОнун саммитти өтүп жаткан маалга туш келди. Түндүк-Атлантикалык Альянска мүчө мамлекеттер Ооганстандагы кырдаал боюнча сүйлөшүүнү 12-июлдун күн тартибине киргизишкен. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп уюмдун курамындагы Европа мамлекеттеринин коргонууга бөлгөн каражаты тууралуу маселени көтөргөндө, НАТОнун баш катчысы күн тартибин өзгөртүп чукул жыйын чакырууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG