Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди


Тажикстанда имамдар Дүйшөмбүдөгү Улуттук музейге барышты. 12-июль, 2018-жыл.
Тажикстанда имамдар Дүйшөмбүдөгү Улуттук музейге барышты. 12-июль, 2018-жыл.

Тажикстанда бийлик мечиттердин имам-хатибдерин өлкө музейлерине барууга милдеттендирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына өкмөт алдындагы Дин иштерин жана салттарды жөнгө салуу боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди.

Бир күн мурда Гиссар аймагынын 116 имамы Дүйшөмбүдөгү Улуттук музейде болушту. Буга чейин Дүйшөмбү, Вахдат, Варзоб райондорунун имамдарын да ушул музейге алып барышкан.

Өкмөттүн эсебинде, өлкө ичиндеги музейлер менен тарыхый жайларга жалпысынан төрт миңдей имам-хатибдер баруусу каралган.

Буга чейин аларды театрга барууга милдеттендиришкен.

"Диний аалымдар өз жеринин тарыхын, байыркы маданиятын билип, салт-санаалырыбызды, тилибизди сактоо менен ата-бабаларыбыз көп кыйынчылыктарды жеңип келгендерин түшүнүшү керек" деди Муким.

2014-жылдан бери Тажикстандын имам-хатибдери мамлекеттик кызматкерлердей эле өлкө бюджетинен айлык- маяна алышат.

XS
SM
MD
LG