Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Тажик имамдары театрга бармак болду


Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечит. 19-апрель, 2018-жыл.
Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечит. 19-апрель, 2018-жыл.

Тажикстанда диний аалымдар театрга барууга милдеттендирилди.

Тажикстандын имам-хатибдери Лахути атындагы мамлекеттик драма театрына барып, "Обу оташ" спектаклин көрүүгө милдеттендирилди. Жазуучу жана драматург Мансур Суруштун пьесасынын негизинде Шерали Абдулкайсов койгон "Обу оташ" спектакли - диний ырым-жырымдарга каршы сатира.

Чыгармада жарандык коомдогу толеранттуулук жөнүндө баяндалып, диний фанатизм мазакталат. Анын автору Шерали Абдулкайсов спектаклде ар кандай көз караштагы жана ишенимдеги адамдардын бири-бирин сыйлай билиши жөнүндө маселе көтөрүлгөнүн айтат:

- Спектаклде адамдын ички жан дүйнөсү, көз караштары жана ишеними чагылдырылат. Чыгыш дүйнөсү, маданияты жана философиясы гуманизм аркылуу көрсөтүлгөн. Коомдогу азыркы карама-каршылыктарга жана чыр-чатактарга карабай, адамдар бири-бирин сыйлап, бири-биринин ой-пикири менен эсептешиши зарыл экендиги айтылган. Бир көз караштагы адам башканыкын да сыйлай билиш керек, чыр чыгарбай, аны кабыл ала билиши керек экендиги көрсөтүлгөн.

Театрда отурган тажик полиция кызматкерлери
Театрда отурган тажик полиция кызматкерлери

Спектаклдин бет ачары быйыл февралда өткөн. Театралдык чыгарманы алгач тажик өкмөтүнүн Дин жана салттарды жөнгө салуу комитетинин кызматкерлери көргөн. Мекеменин басма сөз катчысы Афшин Муким "Обу оташ" спектаклин өлкөдөгү мечиттердин бардык имамдары жана диний кызматкерлери көрүүгө милдеттендирилерин айтат.

- Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, ислам университеттеринин студенттери Лахути театрында спектаклди көрүштү. Андан тышкары Гиссар, Шахринав жана Турсунзаде райондорундагы мечиттердин имамдарына көргөзүлдү. Биз башка дин кызматкерлерине да көрсөтүүнү пландап жатабыз.

2014-жылдан бери Тажикстанда мечиттердин имамдары мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле өкмөттүн бюджетинен айлык алышат. Мисалы, Ислам борборунун аалымдар кеңешинин жетекчиси Саидмукаррам Абдукодирзоддун айлыгы 2 миң сомони (220 доллар). Мечиттердин имамдарына айына 1,5 миң сомони (170 доллар), ал эми жумалык мечиттердин имамдарына 800 сомони (90 доллар) өлчөмүндө айлык бөлүнөт. Башка диний кызматкерлерге маяна каралган эмес.

Былтыр Тажикстандын ИИМнин башчысы Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлерин айына бир жолу театрга барууга милдеттендирген. Мындай чечимге мекеменин жетекчилиги Лахути драма театрында Нур Табаровдун "Чархи гардон" спектаклин көргөндөн кийин келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG