Сыртынан 10 жылга абакка кесилген Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифтин жана анын кызы Мариямдын мекенине кайтышын тарапташтары күтүп жатышат.
13-июлда Шарифтин кичи мекени саналган Лахор шаарында миңдеген полиция кызматкерлери мобилизацияланып, аэропортко барчу негизги жолдор торолду.
Наваз Шарифтин “Мусулман лигасы" партиясынын жетекчилиги билдиргендей, Шарифтин кайтышын утурлай митинг өткөрүлөт деген кооптонуу менен бийлик кыймылдын жүздөгөн мүчөлөрүн камап жатат. Лиганын башчысы Мужахид Хуссейин "Азаттыкка" берген комментарийинде партияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй куугунтук башталганын билдирди.
Аталган партиянын лидери Пакистандын аскердик күчтөрүн 25-июлга белгиленген шайлоонун алдында туруктуулукту бузуп жатканы үчүн күнөөлөдү.
Бир жыл мурда коррупцияга байланыштуу айыпталып өкмөт башчылыктан алынган Шариф өткөн аптада Лондондо кымбат баалуу батирлерди мыйзамсыз алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Мариям да 2016-жылы ачыкка чыккан "Панама кагаздары" чуусуна байланыштуу жети жылга кесилген. Өкүм чыккан маалда экөө тең Британияда жүрүшкөн. Шариф Пакистанга келери менен камакка алынары күтүлүүдө.
68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары баалап жүрөт.