Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Навальный менен кошо соттолгон ишкер Офицеров каза болду


Петр Офицеров жана Алексей Навальный
Петр Офицеров жана Алексей Навальный

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный менен кошо соттолгон ишкер Петр Офицеров каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу журналист Евгения Альбац “Твиттердеги” баракчасына жазып чыкты. Кийинчерээк 44 жаштагы ишкердин өлүмүн анын адвокаты ырастады. Ишкердин кандай жагдайда, эмнеден улам каза болгону учурда расмий айтыла элек.

Ушул апта башында Офицеров башынан жаракат алып ооруканага жаткырылганы маалымдалган эле.

Петр Офицеров орус саясатчысы Алексей Навальный менен бирге “Кировлес” ишканасынын иши боюнча 2013-жылы соттолгон. Алгач ал төрт жылга кесилип, кийин шарттуу түрдөгү жазага алмаштырылган.

Адам укуктары боюнча Европа соту Навальный жана Офицеровдун арызын карап, алардын адилет сотко ээ болуу укугу бузулган, “Кировлес” ишин кадыресе коммерциялык ишмердүүлүктөн айырмасы жок деп 2016-жылы февраль айында чыгарган чечиминде белгилеген. Орусиянын Киров шаардык соту бул ишти кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG