Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Жээнбеков кадрларды аймактар арасында ротациялоону сунуштады


Президент Сооронбай Жээнбеков Таласка ушул аптада барган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Таласка ушул аптада барган.

Президент Сооронбай Жээнбеков кадрларды аймактар арасында ротациялоону сунуштады. Бул тууралуу президент ушул аптада Таласка сапары учурунда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жээнбеков мындай чара кадрларды адистик жактан гана такшалтпастан, аймактар ортосундагы байланышты да бекемдээрин билдирген.

«Түндүккө келсем, түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти дешет, түштүккө барсам, түндүктөн көбөйүп кетти дейт. Райондорго барсаң милициянын начальниги, прокурор, УКМК ошол райондон отурат, милициянын 80 пайызы ошол райондун балдары. Алар анан кылмыштуулук жана коррупция менен кантип күрөшөт? Бул мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет», — деп белгилеген Жээнбеков.

Президент ротацияны биринчи кезекте укук коргоо органдарынан, прокуратура, милиция, УКМК, Финполициядан баштоо зарылдыгын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG