Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Кытайга карызды төлөө боюнча орган түзүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай сунуш менен мурдагы финансы министри, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров чыкты. Ал “Азаттыкка” курган маегинде учурда Кыргызстандын алдында Кытайдан алынган насыяларды төлөй албай калуу тобокелдиги турганын жана бул маселени чечүү үчүн өкмөт азыртадан аракет көрүшү керектигин билдирди.

Депутаттын маалыматы боюнча, Кытайга карызды төлөөнүн эң активдүү фазасы 2024-жылы башталат. Бул учурда жыл сайын 324 миллион доллардан төлөө керек жана анын 70 пайызы Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет.

- Кыргызстан Кытайдан 2 миллиард доллардын тегерегинде карызды мамлекеттик кепилдик менен алды. Эгерде бул боюнча түшүнбөстүктөр болсо Гонконгдо алардын эрежеси менен чечилет. Экинчиден, Кытайдан 1 миллиард долларга жакын түз инвестиция келди. Ошондуктан, мен Кытай боюнча өзүнчө корпорация түзүп, алынган насыяларды иликтеп, аны кайтаруу боюнча алектениши керек деп сунуштап жатам.

Жапаров мындай механизмди өкмөттүн түзүмүнө быйыл күзүндө киргизүү зарылдыгын кошумчалады.

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 4 млрд. 425 млн. долларга жетти. Анын 44 пайызы Кытайга туура келет.

Буга чейин бул жаатта тобокелчиликтер жогору экени айтылып, өкмөт карыздан кутулууга жардам көрсөтүү максатында атайын банктык эсеп ачкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG