Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Кичи Памирдеги кыргыздардын башчысы каза болду


Памирлик кыргыздар.
Памирлик кыргыздар.

Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакты изилдеген журналист Жаңыл Жусупжан кабарлады. “Памир Пресс” басылмасы катуу ооруган Эраалы хан Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага жеткирилгенин, ал ошол жерден үзүлгөнүн кабарлаган.

Эраалы хан 400 түтүнгө чукул кыргыздарды бир нече жылдан бери башкарып келген. Эми анын ордуна уулу Жээнбай Ооганстандагы кыргыздарга башчылыкка дайындалышы мүмкүн. (BCh)

XS
SM
MD
LG