Ысык-Көл облусунун Тоң айылында кезектеги этнофестивал өтүүдө. Фестивалды уюштургандын айтымында, бул иш-чара этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөйт.
"Тескей жээк" фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, "Салбуурун" көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулууда.
Ошондой эле коноктор жергиликтүү таланттардын концертине күбө болуп, фестиваль оюн-зоок программалары менен коштолууда.(AsM)