Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Трамп менен Путиндин жолугушуусуна саналуу сааттар калды


Жолугушуунун алдындагы митинг. Хельсинки.
Жолугушуунун алдындагы митинг. Хельсинки.

Бүгүн Хельсинкиде АКШ менен Орусиянын президенттери Дональд Трамп жана Владимир Путин жолугушат. Трамп жекшемби күнү кечинде Финляндияга учуп келди. Саммитте эки өлкөнүн президенттери көзмө-көз эмнелер тууралуу сүйлөшөрү бүйүр кызыткан темага айланды. Тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк эки ири өзөктүк державанын лидерлери мурдатан күн тартибин бекитпестен жолугуп жатышат. Буга чейин Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинанын чыгышындагы жана Орусия аннексиялаган Крымдагы жагдай тууралуу сөз болору айтылган. Мындан сырткары өзөктүк куралсыздандыруу маселеси козголору белгиленген.

14-июлда АКШнын башкы прокурорунун орун басары Род Розенстайн "2016-жылы президенттик шайлоого кийлигишкен" деген жүйө менен Орусиянын 12 жаранына айып таккан соң күн тартиби өзгөрдү. Айрым америкалык саясатчылар Трампты Путин менен жолугушуудан баш тартууга үндөп жатышат.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер да ушундай чакырык таштаган. Ошондой эле Трампка жолугушуу учурунда АКШнын иштерине орус чалгын кызматкерлеринин кийлигишүүсү боюнча маселени кабыргасынан коюу жөнүндө талаптар да айтылууда.

Бирок мамлекеттик катчы Майк Помпео АКШ-Орусия саммити мурдагы планга ылайык өтөрүн жана бул жолугушуу абдан маанилүү экенин билдирди. Ага чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс да жолугушуу үзгүлтүккө учурабай турганын маалымдаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG