Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Инвестор болгусу келген мигранттарга жеңилдик берүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте эмгек мигранттарынын абалы тегерек үстөлдө талкууланат. “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов эмгек мигранттарынын пенсиялык фонду, Орусияда мигранттарды каттоо мыйзамынын катаалдашы, Кыргызстанга инвестиция алып келүүнү каалаган эмгек мигранттарына жеңилдик берүү сыяктуу маселелер талкуулана турганын "Азаттыкка" кабарлады.

27-июнда Орусияда чет өлкөлүктөрдү миграциялык каттоого алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, ишке келген мигрант жашаган жеринде гана каттоого тура алат. Мурда жумуш берүүчү мигранттар ишкананын юридикалык дарегине каттоого алынса, эми ага уруксат берилбейт.

Расмий маалымат боюнча чет өлкөлөрдө 717 миң кыргызстандык жаран иштейт. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып жүрөт.

10-20 жылдап чет өлкөдө иштеп жүрүп, тыңыган мигранттардын ичинен Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду издеп, инвестиция салууга кызыккандары бар. Алар кепилдик жана ишеним жоктугунан Кыргызстанга акча жумшагандан кооптоно турганын айтышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG