Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:23

Кытай Тажикстандын түштүгүндө үч мектеп курат


Дангарада Кытай өкмөтү салган жаңы мектеп.
Дангарада Кытай өкмөтү салган жаңы мектеп.

Жакын арада Кытай Тажикстанда үч заманбап мектеп салат. Тажикстандын Билим берүү министрлиги менен "Power China" компаниясынын ортосундагы тиешелүү келишимге 3-июлда кол коюлган.

Маалыматка караганда, 640 окуучуга ылайыкташкан бир мектеп Дангара районунда, 320 окуучу үчүн эки мектеп Бохтар жана Деваканд райондорунда курулат.

Кол коюу салтанатына Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддини Саид, Кытайдын Дүйшөмбүдөгү элчиси Юе Бин жана "Power China International Group Limited" компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Өлкөдө жолдорду, жогорку чыңалуудагы электр зымдарын жана ГЭСтерди куруу менен алектенген кытай компаниясы буга чейин Тажикстанда жети мектеп салган. Учурда Кытайдын 112 жогорку окуу жайында 3 миңге жакын тажик студенти билим алууда.

Мектептерди куруу — кытай компаниясынын өлкөдөгү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы социалдык жоопкерчилигинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Учурда "Роwer China" Сарбанд ГЭСин модернизациялоодо. Бул иштер Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу жылына 2 миллиард долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG