Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Камыш жайлоосунда Жеңижоктун (Өтө Көкө уулу) 158 жылдыгына арналган эки күндүк айтыш жыйынтыкталды. Ага тандоо турунан өткөн 16 акын катышып, жыйынтыгында жаш төкмө акын Кубат Тукешов жеңишке жетти.
"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга теңи жок" деп аталган республикалык айтыштын тандоо туруна 44 акын катышып, анын он алтысы Кара-Камышка жолдомо алган.
14-июлда башталган айтыштын биринчи күнүндө он алты акындан сегиз акын жарым финалга жолдомо алып, экинчи күнкү айтышта алардын төртөө финалга чыкты.
Алар - Абдылда Нуралиев, Изат Айдаркулова, Асылбек Маратов, Кубат Тукешов. Калыстардын жыйынтыгы менен финалда булардын ичинен баш байге Кубат Тукешовго, биринчи орун Асылбек Маратовго, экинчи орун Изат Айдаркуловага, үчүнчү орун Абдылда Нуралиевге ыйгарылды.
Жез таңдай акын Жеңижоктун урматына арналып өткөрүлгөн айтышты Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтү жана "Айтыш" коомдук фонду уюштурду. Байге фондуна 500 миң сом коюлду. (ZA)