Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

Хелсинкиде Путин - Трамп жолугушуусу башталат


Президенттер Дональд Трамп менен Саули Ниинистё жубайлары менен Хелсинкиде. 16-июль, 2018-жыл.
Президенттер Дональд Трамп менен Саули Ниинистё жубайлары менен Хелсинкиде. 16-июль, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Хелсинкиге жекшембиде келип конду. Ак үйдүн билдиргенине караганда, дүйшөмбүдө Трамп түшкө чейин Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен кезигет. Мянтюниеми резиденциясында эки президент эртең мененки тамакты чогуу ичишет.

Түштөн кийин Орусиянын лидери Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүү өтөт. Ага удаа делегациялардын катышуусунда жолугушуу уланат. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат бештерде эки лидер чогуу басма сөз жыйынын өткөрөт.

Путин менен Трамп көзмө-көз кайсы маселелерди талкуулары азырынча беймаалым. Хелсинки саммитинин күн тартиби жарыяланган жок.

Буга чейин Путин менен Трамп Украинанын чыгышындагы кырдаалды, Орусия аннексиялаган Крым темасын козгошору айтылган. Ошондой эле өзөктүк курал жана аны жайылтоо маселесине да кайрыла тургандыгы белгиленген.

13-июлда АКШда көз каранды эмес прокурор Роберт Мюллер Орусиянын Башкы аскердик чалгын мекемесинин 12 офицерине айып таккандан кийин самиттин күн тартибинде өзгөрүү болору боолголонуп жатат.

АКШда болсо Трамптын Путин менен "кол алышуусуна" каршы чыккандар көбөйдү. Өлкөдө "Кремль 2016-жылкы шайлоого түздөн-түз кийлигишкен" деген көз караштар басымдуу.

Ошол эле учурда Орусия менен кандай болсо да диалог жүргүзүү зарыл деп ишенгендер да бар.

Трамп Британияга барганда анын саясатына каршы чыккандардын акциялары өттү. Жекшембиде нааразылык иш-чаралары Хелсинкиде да башталды. Шаарда Путиндин саясатына каршы болгондор да көчөгө чыгышты.

XS
SM
MD
LG