Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Режиссер Сенцовдун ачкачылык кармаганына 64 күн болду


Сенцовду бошотууну талап кылган митинг. Киев, 8-июль, 2018-жыл.
Сенцовду бошотууну талап кылган митинг. Киев, 8-июль, 2018-жыл.

Орусиянын түндүгүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан украин режиссеру Олег Сенцовдун ачкачылык акциясын жарыялаганына эки айдан ашты. МБХ-медиа уюмунун хроникасына караганда, бүгүн ачкачылыктын 64-күнү.

15-июлда "Крым.Реалии" сайты режиссердун ачкачылыкты баштагандан 18 күн өткөндөн кийинки видеосун жарыялады. Видеодо Сенцов Ксения Собчак жана Людмила Нарусова менен телефондон сүйлөшүп жатканы көрүнөт. Ошол эле видеодо дарыгер режиссер ачкачылыктан “жарыкчылык менен кош айтышпаса да” өмүр бою майып болуп каларын түшүндүрөт.

13-июлда Сенцовдун энеси Людмила Сенцова Путинден уулуна ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал орус президентинен “боорукердик көрсөтүп, уулунун жана жакындарынын өмүрүн албай” Олег Сенцовду актоону суранган.

Ушул эле күнү Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары кеңешинин башчысы Михаил Федотов Сенцовдун энесинин кайрылуусунан кийин режиссерду “актоо мүмкүн” экенин билдирген.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков режиссердун энесинин кайрылуусун «расмий» деп кароого азыр эртелик кыларын белгилеп, кат келип түшкөндөн кийин “көңүл сыртында” калбайт деди.

Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап отурат. Ал саясий негизде кармалып, орус абактарында жаткан 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылууда.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы жазында кармалган. Эл аралык уюмдар жана Батыш мамлекеттери Кремлден Сенцовду токтоосуз бошотууну талап кылып келишет. 13-июлда Олег Сенцов 42 жашка толду.

XS
SM
MD
LG