Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Евробиримдик үч державаны соода согушун алдын алууга үндөдү


Европа кеңешинин президенти Брюсселдеги саммитте сүйлөп жатат, 29-июнь, 2018-жыл.
Европа кеңешинин президенти Брюсселдеги саммитте сүйлөп жатат, 29-июнь, 2018-жыл.

Европа кеңешинин президенти АКШга, Орусияга жана Кытайга кайрылып, глобалдык масштабда коркунуч жараткан соода согушун баштап албоого чакырды. Дональд Туск 16-июлда Евробиримдик менен Кытай лидерлеринин Бээжиндеги саммитинде сүйлөгөн сөзүндө "жаңжал жана башаламандыктын алдын алууга дале убакыт" бар экенин эскертти.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды "адилетсиз соода жүргүзүп жатат" деп айыптап, эгер Бээжин мындай саясатын өзгөртпөсө, Вашингтон жалпы көлөмү 500 миллиард доллардык кытай товарына бажы төлөмдөрүн киргизерин айткан.

Бээжин Вашингтонду «соода согушун баштаганы» үчүн айыптап, дароо эле америкалык товарларга, анын ичинде дан азыктарына, автомобилдерге жана деңиз азыктарына төлөм киргизген.

Орусия да АКШнын санкцияларына жооп кайтарабыз деп убада кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG