Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

"Чоң жетинин" саммити жана соода талашы


 "Чоң жетинин" быйылкы саммитинин белгиси.
"Чоң жетинин" быйылкы саммитинин белгиси.

"Чоң жети" тобуна кирген мамлекеттердин лидерлери 8-9-июнда Канадада саммитке чогулууда. Жыл сайын болуучу жогорку жыйын быйыл соода талаштарынын шартында өткөнү турат. Кошмо Штаттар айдын башында өзүнүн саясий жана соода өнөктөрүнүн болоту менен алюминийине каршы жаңы бажы салыгын киргизип, экинчи тарап да жооп чарага барарын жарыялаган. Мындан улам өнөктөштөр ортосунда соода согушу чыкпайбы деген кооптонуулар да пайда болгон.

"Чоң жетинин" лидерлеринин арасынан саммиттин быйылкы конок ээси Канадага алгачкылардан болуп барган Франциянын президенти Эммануел Макрон жыйынды утурлай "Твиттердеги" баракчасына: “АКШ президенти балким изоляцияга каршы эмес. Бирок биз эгер зарыл болсо алтоо болууга каршы эмеспиз. Анткени бул алты өлкө баалууктарды чагылдырат, тарыхый салмагы бар экономикалык базардын, бүгүнкү чыныгы эл аралык күчтүн өкүлү”, деп жазды.

Америкалык президент да "Твиттердеги" баракчасында Макронго дароо эле жооп кайтарып: “Премьер-министр Трюдо менен президент Макронго айтып койгула. Алар АКШга эбегейсиз тариф коюп, монетардык эмес тоскоолдуктарды жасап жатышат. АКШ менен Евробиримдиктин ортосундагы соода таңкыстыгы 151 миллиард доллар. Канада биздин фермелерди жана башкаларды киргизбейт.”, -деп белгиледи.

АКШ президенти Канадага келген учур. 8-июнь, 2018-жыл.
АКШ президенти Канадага келген учур. 8-июнь, 2018-жыл.

Бул арада пикир келишпестиктерден улам саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсү кабыл алынар-алынбасы белгисиз болуп турганы кабарланууда.

"Рейтер" агенттиги, “Нью-Йорк Таймс” гезити немис өкмөтүндөгү маалымат булактарына шилтеме кылып, Германия саммиттин жыйынтыктоочу коммюникеси кабыл аларынан күмөн санап жатканын жазды. Ал эми "Bloomberg" агенттиги француз президентинин кеңсесиндеги маалымат булактарына шилтеме кылып, Париж "эгер АКШ президенти талаш маселелерде олуттуу чегинбесе саммиттин жыйынтык билдирүүсүнө кол койбойбуз" деп турумду карманып турганын кабарлады.

- Мен биз бул жерде жаңы эле түшүндүргөн нерселерди президент Трампка кайталап коёюн. Көрүлгөн чаралар пайдалуу эмес, анын ичинде АКШнын өз экономикасы үчүн да. Бул мен үчүн принципиалдуу да маселе, анткени өнөктөштөрдүн ортосунда соода согушу мүмкүн эмес. Биз бүгүн туш болгон эл аралык контекстте соода согушун ойной албайбыз. Бул тирешүүнү жөнгө салышыбыз керек. "Чоң жетинин" калган алты өлкөсүнүн базары Американыкынын чоң. Чындыкка тике карайлы: эгер биз өзүбүздү уюштуруу жолун тапсак, дүйнөлүк гегемония болбойт. Биз мунун болушун каалабайбыз, - деди француз президенти Эммануел Макрон 7-июнда Канаданын премьери Жастин Трюдо менен Оттавадагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин.

Европанын "Чоң жетинин" саммитине чогулган лидерлери. 8-июнь, 2018-жыл.
Европанын "Чоң жетинин" саммитине чогулган лидерлери. 8-июнь, 2018-жыл.

"Үй-бүлөлүк талаш"

Ушул айдын башында АКШ Евробиримдик өлкөлөрүндө, коңшулаш Канада менен Мексикада өндүрүлгөн болот үчүн 25%, ал эми алюминий үчүн 10% өлчөмүндө жаңы бажы тарифин кабыл алып, ал күчүнө кирген. Соода согушу тууралуу сөздөр ошондон кийин козголду. Буга жооп кылып Канада АКШнын товарларына тариф койсо, Евробиримдик Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, өзүнө тете чара көрөрүн билдирген.

Президент Дональд Трамп болсо мындай кадамын мурдараак “улуттук коопсуздукту” коргоо жана соодада “калыстык” орнотуу аргасы катары түшүндүргөн. Ал эми 8-июнда саммитке жөнөр алдында Трамп "адилетсиз соода практикасы" өзгөрүшү керектигине, Канада, Еробиримдик, Мексика бул ишке ашарын түшүнөрүнө токтолду.

Ларри Кудлоу.
Ларри Кудлоу.

- Президент Трамп сооданы реформалоо боюнча аракеттерин, АКШны, анын бизнесин, жумушчу күчүн коргош үчүн зарыл нерселерди жасарын жашырган жок. Ал такай айтып келген жана мен да ага макулмун: тарифтер - бул аракетти ишке ашыруудагы аспап. Бул үчүн Трампты эмес, соода шарттарынан ажырап кеткен өлкөлөрдү айыптагыла. Ал бузулган системаны оңдоого аракеттенип жатат. Ондогон жылдар бою жакшы иштеп келген система акыркы жыйырма жылдан ашуун мезгилде бузулду. Мисалы, Дүйнөлүк соода уюму толугу менен натыйжасыз болуп калды, - деди АКШнын турумун түшүндүрүп, Ак үйдүн экономикалык кеңешчиси Ларри Кудлоу 6-июнда. Ак үйдүн өкүлү АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн ортосундагы соода тирешин жөнгөрүүгө боло турган “үй -бүлөлүк талаш” катары да мүнөздөгөн.

"Чоң жети" тобундагы Канада, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония - өз-өзүнчө алганда АКШнын Кытайдан кийинки эң ири соода өнөктөштөрү. Ал эми Евробиримдик - АКШнын эң башкы соода өнөктөшү.

Квебек шаарындагы полиция күчтөрү жана демонстранттар. 8-июнь, 2018-жыл.
Квебек шаарындагы полиция күчтөрү жана демонстранттар. 8-июнь, 2018-жыл.

"Чоң жетинин" бул жолу Канаданын Квебек провинциясынын Шарлевуа-Эст районундагы Ла-Мальбе деген жерде өтүүчү саммитин да антиглобалисттердин нааразылык акциялары коштошу мүмкүн.

Жогорку деңгээлдеги жыйындарынын 43 жылдык тарыхы бар "Чоң жети" тобунун курамына мурда Орусия да кирип, ал "Чоң сегиз" деп аталчу.

Крымдын 2014-жылы болгон аннексиясынан кийин Орусия бул топтон четтетилген.

АКШ президенти Дональд Трамп 8-июнда Вашингтондон Канадага жөнөп жатып, кабарчылардын суроолоруна жооп бергенде Орусия бул топко кайра кайтып келишин жактады. Анын турумун Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск дароо сынга алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG