Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

“Биздин укук” коомдук фонду "7-апрель" көчөсү боюнча сотко кайрылды


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаарынын жашоочуларынан түзүлгөн "Биздин укук" коомдук фонду "Шабдан баатыр" көчөсүн "7-апрель" деп өзгөрткөн чечимге каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Калича Умуралиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин көчөнүн жарымынын аталышын өзгөртүү тууралуу токтому мыйзамсыз болгон.

Доо арыз 17-июлда Бишкектин район аралык сотунда каралат.

Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан Чүй проспектисине чейинки бөлүгүн "7-апрель" деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган башкалаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулган.

Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган.

Аталган көчөнүн Чүйдөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки аралыгынын аталышы мурдагы бойдон калган. (NT)

XS
SM
MD
LG