Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Ички иштер министрине Бурулайдын атасынын пикирин угуу тапшырылды


Маркум Бурулай Турдаалы кызы. Сүрөт анын жеке архивинен алынды.
Маркум Бурулай Турдаалы кызы. Сүрөт анын жеке архивинен алынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон студент Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев менен көзмө-көз жолугушуп, анын жүйөлөрүн угууну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министрге соттук-медициналык экспертизанын тыянагын терең изилдөө боюнча да тапшырма берилди.

Абылгазиев Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү өзүнүн көзөмөлүндө экенин жана кылмыш иши аягына чыгаарын билдирди. Ал кыздын өлүмүнө шектүү адам жана башка бардык күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алаарын кошумчалады.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды.

Буга чейин Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылып, мындай кадамын экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүргөн.

Маркумдун ата-энеси, жакындары менен милициянын ортосундагы ача пикир кыздын денесинде "жазуу болгон" деген маалымат менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG