Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Туш келди таштанды ыргыткандарга 2 миллион сомго жакын айыппул салынды


Чүйдүн Таш-Мойнок жайлоосунда ыргытылган таштанды. Июнь, 2013-жыл.
Чүйдүн Таш-Мойнок жайлоосунда ыргытылган таштанды. Июнь, 2013-жыл.

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга жана өрттөгөндөргө 1 миллион 963 миң сом айыппул салынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин карамагындагы санитардык-экологиялык инспекция быйылкы жылдын биринчи жарымында 3 миңден ашуун чарбалык субъектилерди, ишкана-уюм жана жеке үйлөрдү текшерип чыкты. Анын жыйынтыгында тазалыкты бузгандарга, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге 2 миң 322 эскертүү берилди.

157 жерде туш келди ыргытылган таштанды жайы аныкталып, анын 154ү тазаланды. Анын көбү курулуш жүрүп жаткан объектилер жана эл жашаган жерлер. Ошондой эле шаар боюнча 72 таштанды үкөгү орнотулду.

Текшерүүдө топтолгон 635 материал иликтенип, эреже бузгандарга айыппул салынды. Учурда 1 миллион 963 миң сом айыппулдун 749 миңи өндүрүлдү.

Бишкектеги акыр-чикир шаардан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан таштанды талаасына төгүлүп, өрттөлүп кетет. Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп, "курулуш башталат" деп айтылганы менен иш алдыга жыла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG